МАКСАТ:

Математика багыты боюнча магистр программасынын максаты; фундаменталдык математика, информатика, илимий колдонмо жана эксперименталдык изилдөө өнүктүрүү иштери, математикалык моделдөө жана программаларды иштеп чыгуу боюнча билимге ээ, табият таануу, технология, экономика жана башкаруу маселелерин чечүү үчүн эффективдүү математикалык методдорду иштеп чыга алган, математика жана компьютердик курстарды окута алган, ошондой эле көп кырдуу кесиптик ишмердүүлүктү жүргүзө алган, кесиптик жана коомдук баалуулуктарды урматтаган адистерди даярдоо үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү үйрөнүүгө шарт түзүү.

 

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ:

  1. Магистр программасы, математика жана колдонмо математиканын бардык тармактары боюнча компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Кабыл алынган студенттерге багыты боюнча ар түрдүү предметтердин биринде эксперт болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа математика, математикалык билим берүү, математика жана информатика, информатика, колдонмо математика, математика-физика боюнча бакалавр даражасына ээ болгон, математика жана колдонмо математика тармагында илимди жана келечекти калыптандырууга салым кошкон адистердин бири болууну каалаган студенттерге магистр даражасына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
  2. Магистратура программасын аткарууда 6 дарскана, семинар залы, жабдылган компьютердик жана физикалык лаборатория бар. Курстук жана илимий китептерге, мезгилдүү басылмаларга, маалымат базаларына, электрондук ресурстарга, окуу бөлмөлөрүнө жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн борбордук китепканага жетүүнү камсыз кылган интернет инфраструктурасы бар.
  3. Магистр программасы 14 окутуучу, анын ичинде 5 профессор доктор, 5 доцент, 1 доцент м.а., 2 докторант ассистент жана 1 физика боюнча лабораториялык курстарды алып баруучу академиялык адис, тарабынан жүргүзүлөт. Факультеттин кээ бир окутуучулары докторантураны чет өлкөлөрдө бүтүргөн. Факультеттин бардык профессордук-окутуучулар курамы чет мамлекеттердеги илимий кызматкерлер менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышат. Биздин бөлүмүбүздө Түркиянын кадыр-барктуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалган эң аз дегенде үч (3) математиканын ар кандай тармагында адистешкен окутуучулар эмгектенишет. Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда иштеген белгилүү профессордук-окутуучулук курам да зарыл болгон учурда магистратура курстарын өткөрүү үчүн университетибизде жарым ставкага дайындалат.
  4. Чет өлкөдөгү абройлуу университеттер менен студент алмашуу программалары жана кош дипломдук келишимдер бар. Мындан тышкары Эразмус, Мевлана, Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары менен Түркия баш болгон көптөгөн өлкөнүн университеттеринде бекер билим алуу мүмкүнчүлүгү бар.
  5. Магистрдик программа илимий иштеп чыгууларга жана инновацияларга ылайык ар дайым жаңыланып турат.
  6. Математика бөлүмүнүн магистратура программасынын илимий изилдөө багыттарынын айрымдары: Дифференциалдык теңдемелер; интегралдык теңдемелер; анализ жана функциялар теориясы; геометрия; алгебра; топология; колдонмо математика (сандык анализ, компьютердик программалоо, информатика, программалык камсыздоо, математиканы экономикага колдонуу, математикалык моделдөө, математикалык физика).